Кремль АКШ КРге санкция салышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди

Песков Кыргызстан Россиянын жакын өнөктөшү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын жакын өнөктөшү, мамлекеттердин мамилеси жакшы, РФ аны мындан ары дагы өнүктүрүү ниетинде. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазды. Басылма кеп кандай чаралар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес.
Маалыматта мындай кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке "айлап жасаган сапарларынын майнапсыз" болушу таасирин тийгизгендиги белгиленген.
"Кыргызстан биздин жакын өнөктөш жана союздаш. Мындан тышкары, бизди алдыңкы интеграциялык процесстер дагы бириктирип турат", — деди Песков.
Ал ошондой эле "Кыргызстан бул интеграциядан өзүнө чоң пайда көрүп жатканын, процесстин мындан аркы өнүгүүсүндө биздин өлкө бенефициар экенин" айтты.
"Биз Кыргызстан менен болгон эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү ниетиндебиз. Биз бул мамилелерди жана бирдиктүү интеграциянын бардык форматтарын баалайбыз", — деди ал.
Батыштын жолу буулуп... Кыргыз товарларын Россияга ташычу жаңы коридор тууралуу