Кыргызстан медициналык жактан тажрыйба алмашуу жана колдоо боюнча Кытай, Корея, Түркия жана Россия менен тыгыз иштешип келет. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биздин медицина кызматкерлерибиз эле сыртка чыгып тажрыйба топтоп келбестен, соңку кезде башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга да кайрымдуулук иретинде ак халатчандар келип иштеп жатат.
"Барган сайын чет өлкөлөрдөн келип, кайрымдуулук иретинде иштеп жаткан дарыгерлер көбөйдү. Муну менен катар эле биздин медиктер да башка мамлекеттерге барып, тажрыйба топтоп, билимин жогорулатууну улантууда. Бул жаатта Кытай, Корея, Түркия жана Россия менен тыгыз иштешип келебиз. РФтеги илимий изилдөө борбору бизге дайыма колдоо көрсөтүп келет. Бейтаптарды ал жакка акысыз болбосо да жеңилдетилген түрдө дарыланууга сүйлөшүүлөр болуп турат. Ошондой эле БАЭ жогоруда аты аталган өлкөлөр менен бирге тажрыйба топтоо жана колдоо жаатында салымын кошуп келет", — деди Ибраева.
Ал ар бир жаранды өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кам көрүүгө чакырды.