БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкекте атайын уюшкан топ Россиянын жаранына баңгизат салып, кийин аны коркутуу менен 315 миң сом акчасын алып алгандар кармалды. Арасында үч милиция кызматкери да бар. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Милицияга россиялык З.Э. кайрылып, 20-апрелде кафеден "Д" аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын ага жашыруун таштап, андан соң аны үйүнүн жанынан кармашканын айткан. Ошондой эле алар кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 миң сом алышканын билдирип, аларга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
"ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Т.Д., М.А. аттуу кыздар, мурда соттолгон У.А., Т.Н. деген кишилер аныкталган. Алар милиция кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Мындан сырткары, алар аткара турган ролдорун да бөлүштүрүп алган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 26-июнда кылмышка шектелген төрт жаран жана милициянын кенже лейтенанты Ж.И., милициянын улук лейтенанттары Ч.З. менен Б.Б. кармалган. Учурда тергөөчүлөр күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин да такташууда.