Балыкчыда унаа тыгынын жаратпаш үчүн балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда

Жол милициясынын маалыматы боюнча, сатуучулар жагдайды түшүнүп, жолдон алысыраак жерде соода кылууга макул болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы айлампа жолдо балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык билдирди.
1 / 2

Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы айлампа жолдо балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда.

2 / 2

Ысык-Көл облустук ЖКККБдин кызматкерлери тарабынан жол тыгындарын болтурбоо максатында шаар мэринин катышуусунда чаржайыт соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облустук ЖКККБдин кызматкерлери тарабынан жол тыгындарын болтурбоо максатында шаар мэринин катышуусунда чаржайыт соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучулардын жол бөлүктөрүнө жакын жерде соода кылгандыктан автоунаалар иретсиз токтоп, анын кесепетинен жол тыгындары болуп жатканы баса белгиленген. Туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратары айтылган.
ЖКККББдин маалыматы боюнча, сатуучулар жагдайды туура түшүнүп, автоунаа жол жээктеринен алыстап, тоскоолдук жаратпаган жерге жылып соода кылууга макул болгон. Жол жээктердеги башаламан соода иштери токтотулган. Аталган аймактагы жол тыгындарын болтурбоо иштери кошумча көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.
Ысык-Көлдүн түбүнөн 10,5 тонна таштанды, 97 миң метр тор чыгарылды