Атайын операцияга катышкан кыргызстандык Россиядан жарандык берүүнү өтүнүүдө

Ал жакында эле колонияга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жараны Аскар Кубанычбек атайын операцияга катышканы үчүн мекенинде 10 жылга соттолду. Ал Россиянын бийлигине кайрылып, жарандык берүүнү өтүнүүдө.
RT агенттиги андан интервью алды. 31 жаштагы кишиге эки инстанциянын чечими чыгарылган. Учурда ал Жогорку Соттун өкүмүн күтүп жатат. Жакында эле ал колонияга киргизилген.
Кубанычбек 2023-жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Россиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген. 16-майда ал соттолгон.
"Кубанычбек Россиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүндү. Ал бул нерсе келечекте аны РФке которууга, андан ары бошоого жардам берет деп үмүт кылууда", — деп жазды басылма.
Мамлекеттик думанын депутаты жана RT телеканалынын "Своих не бросаем" долбоорунун жетекчиси Мария Бутина кыргызстандык жаран кабылган окуя жөнөкөй эмес экенин белгиледи. Мында биринчи тапшырма Аскар Кубанычбекке Россиянын жарандыгын берүү болуп саналат.
"Аскар бүгүнкү күндө чет элдик жаран болгондуктан биздин кийлигишүүбүз эл аралык мыйзамдарга туура келбей калат. Буга байланыштуу мага Аскардын кайрылуусу келип түштү. Ал Тышкы иштер министрлигине да РФ жараны болгусу келерин жазды. Анын мындай каалоосун биз, албетте, колдойбуз. Эгер анын учурда кайда экенин эске алсак мындай маселени чечүү оңой эмес. Ошентсе да бүгүнкү күндө эң реалдуу жолдордун бири", — деди депутат.
Аскар RT агенттигиндеги маегинде улуту кыргыз экенин, бирок өзүн россиялык катары эсептей турганын айткан. Анын чоң атасы экинчи дүйнөлүк согушка катышып, Берлинге чейин жеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада теги кыргызстандык дагы бир жоокер каза болду