20-июлга карата аба ырайы

20-июлга караган түнү Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бейшембиде Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29, ал эми Нарында +28...+33 градус ысыйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Бул күнү Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ошто +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Кыргыздар баалуу буюмун кантип сактаган. Сандыктын сан сыры инфографикада