Шакиев Жыргалбек Тургунбекович — өмүр баяны

Жыргалбек Шакиев 1979-жылы 19-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында туулган. Бир тууган агасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы.
Sputnik
Саясатка келгенге чейин баалуу металлдарды казуу менен алектенген "Бийкомпакт" ЖЧКсынын директорунун орун басары болуп иштеген.
Эмгек жолу:
2020-жыл, октябрь — "Мекенчил" партиясынын тизмеси (№23 катарда) менен парламенттик шайлоого катышкан;
05.01.2021 - 22.05.2021 — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими;
22.05.2021 - 18.07.2023 — Чүй облусунун Чүй районунун акими;
18.07.2023 — Бишкектин Ленин районунун акими.