Ысык-Көлдүн түбүнөн 10,5 тонна таштанды, 97 миң метр тор чыгарылды

Суунун астынан таштандыларды чыгаруу иштери дагы да уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дээрлик төрт айдын аралыгында Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин суучулдары көлдү тазалоону дагы деле улантып жатат. Азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Тагыраагы, "Ак-Бермет", "Рахат", "Алтын-Көл", "Элинг", "Евразия" ден соолукту чыңдоо жайларынын жана "Мөлтүр" кемеси токтоочу суунун түбү таштандыдан арылган.
17-июлга карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып, суунун астынан 97,6 миң метр балык уулоочу тор, 10,4 тоона таштанды чыгарылганы айтылды.
Жапаров суучулдарга Ысык-Көлдү тазалоого жардам берди. Видео