Радио

Абдымомунов: спорт тармагына бөлүнгөн акчанын көбү айлыкка кетүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов спорттук базалардын көбүнүн эскилиги жеткендиктен оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин айтты.
Sputnik
Быйылкы календарлык план үчүн Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети 1 миллиард 682 миллион сом менен бекитилген. Бирок анын көбү айлыкка, коммуналдык кызматтарга жумшалат. Бул тууралуу Айбек Абдымомунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спортчулардын окуу-машыгуу жыйындары өз убагында, кечиктирилбей жүрүп жатат.
"Быйылкы календарлык план үчүн Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети 1 миллиард 682 миллион сом менен бекитилген. Анын болжол менен 1 миллиарды спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерге, адистерге, машыктыруучуларга жумшалат. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтар үчүн да акча кетет. Ал эми спорттун өнүгүшүнө, спортчуларды колдоого 400-450 миллиондун тегерегинде гана каралууда. Пландын негизинде жыл ичинде өткөн иш-чараларга туура бөлүштүрүп жатабыз. Кийинки жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндары жакындап калды. Даярдыктар маанилүү этапка келгендиктен жоопкерчилик менен иш алып баруу зарыл. Ага байланыштуу спортчулардын окуу-машыгуу жыйындары өз убагында, кечиктирилбей жүрүп жатат. Спорттук базалардын көбүнүн эскилиги жеткендиктен оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат", — деди Абдымомунов.
Ошондой эле адис департамент спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоодо федерациялар, союздар менен тыгыз кызматташуу болуп жатканын кошумчалады.