Россиянын согуш кемелери Кытай менен биргелешкен машыгууга катышуу үчүн чыкты

Циндао портунан машыгуу болуучу аймакка Кытайдын согуштук төрт кемеси жана бир судно жөнөгөнү кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Тынч океан флотунун согуш кемелери Кытай менен Россиянын биргелешкен аскер деңиз машыгууларына катышуу үчүн чыкты. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигинен кабарлады.
"Тынч океан флотундагы Согуш кемелеринин отряды Владивостоктон "Север/Взаимодействие-2023" деп аталган Кытай-Россия биргелешкен, деңиздеги машыгууларга катышуу үчүн сууга чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен машыгууга Россия суу алдындагы кайыктарга каршы туруучу "Адмирал Трибуц", "Адмирал Пантелеев", "Гремящий" жана "Герой Российской Федерации Алдар Цыденжапов" кемелерин жибергенин билдирди. Деңиздеги отрядды Тынч океан флотунун көп түрдүү күчтөрүнүн Приморск флотунун командачысы контрадмирал Валерий Казаков жетектей турганы айтылды.
Мындан мурдараак Циндао портунан машыгуу болуучу аймакка Кытайдын элдик бошотуучуларынын аскер-деңиз күчтөрүнүн согуштук төрт кемеси жана бир судно жөнөгөнү кабарланган.
Россия менен Кытай Тынч океанында биргелешкен күзөт уюштурду