Пресс-борбор

Эксперт Россия эмне себептен Борбор Азиянын коопсуздугуна күйүп-бышарын айтты

Притчин Россия коопсуздук боюнча Борбор Азиянын айныксыз өнөктөшү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россия өзүнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн Борбор Азиянын коопсуздугуна өзүнүн салымын кошуп келген жана мындан ары дагы уланта берет. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча Улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин билдирди.
Ал "Борбор Азияга таасир этүү үчүн геосаясий кармаштын курчушу" аттуу тегерек столго катышты.
Эксперттин айтымында, Россия аймактагы коопсуздуктун кепилдиги болуп эсептелет. 2000-жылдарга чейин Түркмөнстан менен Тажикстандын чек аралары россиялык чек арачылар тарабынан кайтарылып келген. 2021-жылы америкалыктар Афганстандан чыгып кеткенден кийин Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын машыгуулары өткөн. Казакстандагы январь окуялары Россия өнөктөштөрү менен коопсуздукту камсыздоого даяр экенин көрсөттү.
"Бизде абадан коргонуучу бирдиктүү система иштейт. Бул жааттан алып караганда, Россия коопсуздук боюнча айныксыз өнөктөш болуп саналат жана бул тармакка инвестиция салууга даяр. РФ Борбор Азиянын коопсуздугун өзүнүн түштүк чек араларынын коопсуздугу катары карайт", — деди Притчин.
Пресс-борбор
Эксперт: Ирандын ШКУга кириши геосаясий кырдаалды өзгөртөт