Президенттин фондунун каражатынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды

Аппараттардын сегизи Бишкектеги ооруканаларга орнотулса, экөө Нарынга жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан президентинин фондунун каражатынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары 16 млн. 552 миң 250 сомго алынган.
Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилди.
Гемодиализ борборун курууга 7 млн. сом алган подрядчы из жашырган