Болон системасындабыз, бирок анда биздин окумуштуулук даражалар каралган эмес. Маек

Жакында Жогорку Кеңеште өлкөдөгү илимий даражалар кандай шарт, эрежелер менен берилери талкууланган. Анда Кыргызстандын ЖОЖдору Болон системасына өткөнү менен окумуштуулук даражага жетүү аталган системада каралбаганы боюнча да сөз болгон.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигине келген Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык, табигый, математика жана техника илимдерин аттестациялоо бѳлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястановага илимий даражалар, бул жааттагы көптөрдүн көңүлүндө жүргөн дагы бир топ соболдорду узаттык.
— Кыргызстанда кандай илимий даражалар бар? Алар кандай тартипте берилет?
— Кыргызстанда илимдин доктору жана кандидаты — эки окумуштуулук даража берилет. Кандидаттык иш жаза турган изденүүчү аспирантурага, докторлукка аттангандар докторантурага тапшырат. Болбосо илим-изилдөө мекемелерине барып изденүүчү катары тема, илимий жетекчи алат. Андан кийин кандидаттар үч, докторлукка талапкерлер беш жыл ичинде изилдөөсүн жыйынтыкташы керек. Изилдөөсүн эрте бүтүп, илимий иши даяр болсо деле Диссертациялык кеңешке талап кылынган убакыттан кийин алып баруу шарт. Диссертацияны коргоонун негизги талаптарынын бири — илимий макалаларды жарыялоо. Анткени эмне жөнүндө изилдөө жүргүзүп жатканын коомчулукка жеткирип туруусу зарыл. Макала жарыялоо боюнча өзүнчө талаптар коюлган. Медицина, ветеринария жана юридика тармагы боюнча диссертация жаза тургандардын ошол багытта базалык билими болушу шарт. Калган адистиктер өзүнүн кесибинен башка багытты тандап изилдөө жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берилет. Болгону диссертациялык кеңешке изилдеген илими боюнча кошумча экзамен берүүгө туура келет. Жылдын аягында изилдөөчү бекиген институтуна бир жылдык жасаган иштери тууралуу отчёт берип турушу керек. Ошондой эле четтен илим жактап келгендер өлкөдө нострификациядан өтөт.
— Болон системасы боюнча төрт жыл окуп бакалавр аталып, анан эки жыл магистратурада окуйбуз. Эмнеге магистратура илимий даража катары эсептелбейт?
— Болон системасына өткөнүбүз менен биздеги окумуштуулук даражалар анда каралган эмес. Башкача айтканда, анда доктор жана кандидат деген түшүнүк жок. Ал системанын өзүнүн академиялык даражалары бар. Мисалы, философия докторун — PhD (Doctor of Philosophy) даражасы деп коёт. Ар бир мамлекеттин өзүнүн илимий даражасы бар. Мисалы, гранд доктор, хабилити докторунун (doctor habilitatus) даражасы биздин илимдин доктору менен бирдей. Ал эми академиялык даражаны салыштырмалуу түрдө кандидаттык менен теңештирип жүрүшөт. Бирок айырмасы көп.
Окуучулары университетке сынаксыз өткөн Осмонсадык агай. Кызынын эскерүүсү
— Чет өлкөдөн билим алып келген окумуштууларды бизде нострификациялоодо кандай маселелер бар? Себеби Европадан илим алган окумуштууларды да тааныбай жатканыбыз айтылууда.
— Мурда илимдин доктору, кандидаты даражасы Москвадан берилчү. 1992-жылдан баштап өзүбүздүн Аттестациялоочу комиссия түзүлүп, иш жүргүзүп келе жатабыз. Өлкөдө 1999-жылдан баштап нострификациялоо процесси колго алынган экен. Ал жаңы түшүнүк эмес. Нострификация — чет мамлекеттен берилген документтердин юридикалык күчүн кайсы бир мамлекеттин аймагында таануу. Бул процедура биздин мекемеге жүктөлгөн. Мурда коңшу өлкөлөрдөн алынган дипломдор бизге келип нострификация процессинен өтүп келишкен. Ал азыр деле бар. Чет мамлекеттен берилген PhD даражаларын кайрадан аттестациядан өткөрүү боюнча жобону иштеп чыкканбыз. Алыскы өлкөлөрдөн алып келинген документтерди нострификациялоо процесси 2012-жылы башталган. Окумуштуу тизмедеги документтерин комиссияга өткөргөндөн кийин процедура башталат. Буга 3-4 ай убакыт кетет. Алгач документтер техникалык экспертизадан өтөт. Анткени жасалма документтер кездешкен учурлар да болгон. Чыкпаган макалаларын эле "чыкты" деп же бирөөнүн макаласын менчиктеп алгандарды да жолуктурганбыз.
— Диссертациялык кеңеш кандайча түзүлөт? Анын коррупцияга аралашканы тууралуу да айтып жатышат...
— Диссертациялык кеңештер да атайын жобонун талаптарынын негизинде түзүлөт. Каалагандар эле ача бербейт. Кеңештин курамына сөзсүз түрдө илимдин беш доктору киргизилиши керек. Анын үчөө суралып жаткан адис боюнча түз илимий адис, экөө эмгектеринин жыйындысы боюнча адис илимдин докторлору. Булар да тартип менен иш алып барышат.
— Анда "илим жактоо үчүн баланча суммадагы акча керек" деген сөздөр кайдан чыккан?
— Диссертациялык жана эксперттик кеңештер коомдук башталышта иштешери жободо жазылган. Бирок биз диссертациялык кеӊешке төлөнө турган төлөмдөрдүн калькуляциясын да иштеп чыкканбыз. Калькуляция "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомго негизделип иштелип чыккан. Аны колдонууга эч кимди мажбурлай албайбыз. Бирок ал акчадан баш тарткан кеңештер да бар. Баары эле коррупцияга батып кеткен дегенден алысмын. Балким, сыртта өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чөнтөк кеңешмелерди уюштурууга аракет кылгандар бардыр. Бизде ага жол берилбейт жана кеңеш акча алуу үчүн уюштурулган эмес.
Токтобүбү Баястанова: Болон системасына өткөнүбүз менен биздеги окумуштуулук даражалар анда каралган эмес. Башкача айтканда, анда доктор жана кандидат деген түшүнүк жок.
— Илимий иш жакталганга чейин макалалары чет өлкөлүк басылмаларга чейин жарыяланышы керек деген талап бар. Буга өзгөртүү кирген жокпу?
— Илимий, окумуштуулук даража пайда болгондон баштап макала жарыялоо талабы киргизилген. 1993-жылдан бери докторлукка 25, ал эми илимдин кандидатына жети илимий макала жазуу талабы колдонулуп келген. Ошол 25 макаланын үчөө жана кандидаттыктын бирөө чет мамлекеттен чыгарылышы керек. Бул жагынан кыргыз тили жана адабияты боюнча жазылган диссертациялар үчүн гана чет мамлекетте макала жарыялоо талабы коюлчу эмес. 2015-жылдан баштап жаңы багытка өттүк. Улуттук аттестациялык комиссиянын сунуш кылган тизмеси менен эмес, өлкөнүн аймагынан тыш жарык көргөн Скопус базасына жана РИНЦ системасына кирген бардык журналдарга чыккандарды жарата баштаганбыз. Докторлуктун макаласын 25тен 7ге, ал эми кандидаттыкты экиге кыскартып, сандан сапатка өтүү маселеси көтөрүлгөн. Бул практиканы колдонуп көрүп, бирок буга да көп талаш пикирлер айтылды. Анткени "ал базалар көп акча талап кылат экен жана макала чыгаруу мүмкүн эмес. Бир канча убактыбызды алып, кайра артка берип коюп жатат" деген нааразычылыктардан улам жобону 2022-жылы кайра өзгөрттүк. РИНЦ системасына же Скопус базасына кирген Кыргызстанда чыккан бардык журналдарга жарыяланган макала жаратылат. Журнал сөзсүз чет өлкөдө болушу шарт эмес. Бирок басылмаларга талаптар дагы жогорулады. Бизде учурда импакт-фактору 0,3төн жогору төрт журнал, 0дөн жогору 50дөн ашык журнал бар.
— Илим жактоодо плагиат маселеси кандай каралган?
— Бирөөнүн ишин көчүрүп жаза коюп эле илим жактап кетет деген акылга сыйбаган нерсе. Диссертация кеңешмесиндеги ар бир эксперттин корутундусу эске алынат. 2012-жылдан баштап Россияда плагиатка каршы программа иштелип чыккан. Биз ушул программанын негизинде россиялык "Антиплагиат" компаниясы менен иш жүргүзүп келебиз. Алар кыргызча тексттерди да текшерүү менен котормолордун плагиат же плагиат эмес экенин текшерип коюучу деңгээлге жетти. Анын жыйынтыгы менен эксперттерге жиберүү же экинчи этаптагы текшерүүгө берүү чечимин кабыл алабыз. Расмий тилде жазылган, гуманитардык багыттагы илимий иште жалпыга белгилүү сөздөр 25 пайызды түзсө илимий иш жарай берет. Мисалы, "экономика илимдеринин" деген сөз бардык эле экономика багытындагы илимий эмгекте колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда ар бир илимге уруксат берүүчү босоголор бар. Медицина жаатында 12,9 пайызга чейин дал келүүгө уруксат берилген. Кыргыз тилиндеги диссертациялар 6,9 пайызга, ал эми техникалык илимдер 12,9 пайыздан 16,9 пайызга чейин уруксат берилген. Көрсөтүлгөн пайыздардан ашык чыгып калган диссертацияларды кароонун экинчи этабында илимдин ар тармагынан комиссияга киргизилген өкүл эксперттер эмгектин ар сабын дыкат текшерүүгө алат. Кээде изилдөөчү шилтеме берсе да компьютер келтирилген сүйлөмдү плагиат катары бериши мүмкүн. Шилтеме нускама боюнча таризделбей калган учурда ушундай көрсөткүч чыгып калат. Эгер чындап плагиат экени аныкталса, анда иши четке кагылып калат. Изденүүчү кайрадан башка тема менен иштөөгө туура келет.
Паракорчулукту жоюуда Япония менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулат. Маек