"Мой свет" тиркемесин бүгүнкү күндө өлкө боюнча 185 миң киши көчүрдү. Бул тууралуу Исабек Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тиркеме алгач Бишкектеги төрт участокто сынамык иретинде байкалып, эми Кыргызстан боюнча иштеп баштады.
"Эреже боюнча жашоочуларга бир айда бир жолу электр энергиясын пайдалангандыгы тууралуу квитанция берилип келет. Эми ал нерсени каалоочулар "Мой свет" тиркемеси аркылуу төлөсө болот. Тиркеме коопсуз. Онлайн төлөөнү каалабагандарга кадимкидей эле кагаз квитанцияны жеткирип берип жатабыз. Аталган тиркемеден канча карызы бар экендигин да көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал жакка кадимкидей эле банк карточкасын улап, төлөм жүргүзсө болот. Алгач Бишкектеги төрт участокто сынамык иретинде иштетип көрдүк. Анда 9 миң кардардын ичинен 120сы гана бул тиркемени колдонуудан баш тартты. Макулдугун бербегендердин дээрлик баарын пенсионерлер түздү. Аларга телефон колдонуу ыңгайсыздык жаратты окшойт. Ал эми элдин көбү бул нерсени колдоп, ыңгайлуу болуп калганын айтууда. Бүгүнкү күндө "Мой свет" тиркемесин өлкө боюнча жалпы 185 миң киши көчүрүп, ичинен 128 763 кардар электр кубатынын акчасын онлайн төлөөгө макулдугун берди", — деди Орозбаев.
Ал Кыргызстан боюнча 1 425 000 үйдө электр энергиясы иштелип келерин, бирок 1 300 000 киши гана үйүндө туруктуу жашарын кошумчалады.