Пенсия 1-октябрдан тарта көтөрүлмөкчү. Соцфонд канча кошуларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсияны кеминде 500 сомго көтөрүү пландалууда. Бул боюнча Социалдык фонд министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Ведомство пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүүнү сунуштаган. Базалык бөлүгү туурасында документте айтылган эмес.
Каражаттын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо коэффициентинин жогорулашына байланыштуу эң аз дегенде 500 сомго көбөйтүлмөкчү.
Киши камсыздандырууга каражатты канчалык көбүрөөк которсо, пенсиянын ошончолук арбыныраак болору айтылды. Пенсияны көтөрүү Соцфонддун бюджетинде каралган чектин негизинде, жыл сайын жасалып турат. Ведомство буга 3,9 миллиард сомду кароону пландап жатат.
Фонд көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо көлөмү 9413 сомду түзүп, азыркыга караганда 1728 сомго арбыныраак болорун айтты. Кыргызстанда 1-октябрга карата берилген маалыматка таянсак, 765,6 миң пенсионер бар.
Кыргызстанда орточо маяна 31 миң сомго чукулдады