БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Иран мамлекетинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кириши туруктуулук аймагын кеңейтет, бирок ал бир катар өлкөлөргө жакпайт. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Борбордук Азиядагы таасир үчүн геосаясий күрөштүн курчушу" деп аталган тегерек столго катышкан.
Эксперттин айтымына караганда, Ирандын уюмга кабыл алынышы геосаясатты бир топ эле өзгөртөрү айтылды.
"Азыр Иран ШКУга киргенден кийин Жакынкы Чыгыштан Борбор Азия чөлкөмүндө — Кытай чекитинен Россияга чейинки кызыкдар болгон тараптар үчүн туруктуулук аймагы түзүлөт. Бирок ичи чыкпаган контрөнөктөштөр бар", — деген Сариев.
Ал "Иранды чайпалтуу" аракеттери жасалып, бирок ал ийгиликсиз болуп калганын белгиледи. Сариев Ташкентте британиялык жеке аскердик компания кеңсесин ачууну пландап жатканы туурасындагы маалымат аны тынчсыздандырарын айтты. Аталган уюм, кыязы, Британ атайын кызматы менен байланыштуу деген түкшүмөлүн кошумчалады.