БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги автоунаалардын терезесин караңгылатуу үчүн алынчу акыны убактылуу азайтууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Белгилей кетсек, былтыр май айынан тарта темир тулпарлардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилген. Бир жылдын аралыгында андан 236 миллион сом түшкөнү айтылган.
ИИМ терезелерин караңгылатууга уруксат алууну каалаган адамдардын саны өспөй, мурдагы деңгээлде эле калганын айтууда. Мындан улам жарандарга ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн акы төлөө боюнча акция өткөрүүнү демилгелешкен.
Тарифтер убактылуу төмөнкүдөй болуп арзандатылат:
Кыргызстандын жарандары үчүн — 50 миң сом (учурда 80 миң);
Юридикалык жактар үчүн — 70 миң сом (учурда 100 миң);
Чет өлкөлүк жарандар үчүн — 90 миң сом (учурда 120 миң).
Акция ушул жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүлөт.