Пресс-борбор

Эксперт: Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн интеграциясында зор роль ойной алмак

Торугарт ашуусу — Евразиянын географиялык борбору. Саипбаев андан Тынч, Индия, Түндүк муз жана Атлантикалык океандарга чейин аралык бирдей экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн интеграциясында зор роль ойной алмак. Бул туурасында аналитик Бактыбек Саипбаев айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Борбордук Азиядагы таасир үчүн геосаясий күрөштүн курчушу" деп аталган тегерек столго катышкан.
Эксперт Кыргызстан "Евразия континентинин чок ортосунда турганын" белгиледи.
"Торугарт ашуусу Евразиянын географиялык борбору экенин билгендер аз. Андан Тынч, Индия, Түндүк муз жана Атлантикалык океандарга чейин аралык бирдей. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн интеграциясында маанилүү жана активдүү роль ойной алмак", — деген Саипбаев.
Саясат таануучу: Батыш Борбор Азия үчүн активдүү күрөшкө өттү