БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта мектептердин директорлорунун, завучтардын жана жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин айлыгын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын маалымат кызматы белгилегендей, Жапаров Билим берүү министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышкан. Ал 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн жана төлөө системасы толугу менен кайра каралып чыкканын эске салды.
"Быйыл сентябрдан тарта директорлор менен завучтардын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин айлыгын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Маянанын өсүшү билим берүүнүн сапатына кандай таасир этип жатканын билип турушубуз керек. Билим берүү тармагына 2023-жылга 60,9 миллиард сом каралды. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиард сомго көп", — деди Жапаров.