Британияда россиялык танкаларды жашыруун лабораторияда изилдеп жатышат

Аскердик машиналардын жөндөмдүүлүгүн жана аны кантип талкаласа болорун билүүгө аракет кылып жаткандыктары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Улуу Британия россиялык танкаларды жашыруун лабораторияда изилдеп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргонуу штабынын начальниги, адмирал Тони Радакин Telegraph басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эң жашыруун делген объектилердин биринде — Портон Даундагы лабораторияда талкаланган аскердик машиналардын тетиктерин чачып карап жатышат.
"Бизде башка өлкөлөр ээлик кылган деталдарды чыныгы эксперттик деңгээлде изилдей ала турган окумуштуулар бар. Бул бизге алардын жабдууларынын кандай иштээрин, кантип аны жеңерибизди, кантип андан дагы бекем ок өтпөс техникаларды жабдууга жетишүүбүзгө, алардын коммуникациясын кантип бузууну, коргонуусун жарып кирүүгө керектелүүчү нерселерди түшүнүүгө жардам берет. Ушундай иштер менен алектенип жатабыз", — деп айткан Коргонуу штабынын начальниги.
Ошондой эле Радакин Улуу Британия Россиянын жана башка өлкөлөрдүн "келечекке олуттуу коркунуч жараткан" техникалары колуна түшүп калса, ал тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турган "мамлекеттердин клубунда" бар экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: чет элдик танкалар советтик танкаларга караганда жакшы күйөт