БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы мектептерде камкордук кеңештер түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Шаардын төрт районунда жыйындар өтүп, анда президенттин "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жана министрлер кабинетинин "Социалдык тармактагы камкорчулар кеңеши жөнүндө" токтомун ишке ашыруу маселеси каралган.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө камкордук кеңешин түзүү, курамын бекитүү иштери жүрүп жатат. Аталган кеңештерди мектептерде окуу жылынын башында эле түзүү пландалууда.
Мэрия билдиргендей, максат — көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга, бөлүштүрүүгө көмөктөшүү, социалдык мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо.
Ошондой эле мектеп директорлоруна алар жетектеген билим уясынын тегерек-четинин санитардык абалын такай көзөмөлгө алып, зарыл болгон учурда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди уюштуруу тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 26-майында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлык чыгарган.