БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 18-июлдан 22-июлга чейин Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү катышат.
"Бул маданий иш-чарага катышуу үчүн чет элдик жана Кыргыз кинематографисттеринен 600дөн ашык арыз келип түшкөн. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор катышат. Фестиваль КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, "Айтыш" коомдук фондунун жана "Маданий кызматташтык" коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашууда", — деди министрликтен.
Кинолор 18-июлдан 22-июлга чейин күн сайын саат 17:00дө көрсөтүлүп турат.
Бул кинофестиваль 2011-жылы негизделген. Долбоордун максаты – КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, жаш кинематографисттер өздөрүнүн талантын көрсөтүүгө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлөт.