19-июлга карата аба ырайы

19-июлга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Шаршембиде Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарындын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30 жана Нарын жергесинде +28...+33 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +38...+40, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градус болот.
Ысык-Көлдүн түбүнөн 10,5 тонна таштанды, 97 миң метр тор чыгарылды