Кыргызстан жол курууга керектелген 265 жаңы техника сатып алды. Сүрөттөр

Мамлекет башчынын айтымында, жол тармагына техника сатып алууга 5 миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы техникалар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшырды.

2 / 7

Жаңы техникалар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган.

3 / 7

Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.

4 / 7

Жапаров 2026-жылга чейин транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин жана бул багытта келечектен көптү үмүттөндүргөн чоң пландар бар экенин белгилеген.

5 / 7

Мамлекет башчынын айтымында, акыркы 3 жылда республика боюнча 1 000 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өткөн.

6 / 7

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшырылды.

7 / 7

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшырылды.

Жапаров 2026-жылга чейин транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин жана бул багытта келечектен көптү үмүттөндүргөн чоң пландар бар экенин белгилеген.
"Буга чейин жол техникасы көбүнесе насыяга же гранттык негизде алынып келсе, өткөн жылдан баштап республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынууда. Мамлекет тарабынан бул максаттар үчүн жалпысынан 5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ага 2026-жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатып алынат. Учурда Кыргызстанга 265 даана техника алып келинди. Мындай жаңы техникага ээ болуу менен жол инфратүзүмүн жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга мыкты мүмкүнчүлүктөр жаралат деп ишенимдүү айта алабыз", — деди президент.
Мамлекет башчынын айтымында, акыркы 3 жылда республика боюнча 1 000 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өткөн.
"Ушундай темпти сактоо менен бирге өлкөбүздүн булуң-бурчундагы жолдорубузду жакшыртууга жетишебиз. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз убагында, сапаттуу аткарылышы зарыл! Алдыбызда масштабдуу, бийик жоопкерчиликти талап кылган ири долбоорлор турат. Мен сиздердей чыныгы кесипкөй адистер менен Кыргызстандын өнүгүшүн шарттай турган асыл максаттарыбызга жетебиз деп бекем ишенем", — деди Жапаров.
Өкмөт электриктерге жаңы 29 техника сатып берди