Бишкектеги КМШ саммити

Садыр Жапаров: сентябрда жаңы Ак үйдү бүтүрүп, саммит өткөрүүнү пландап жатабыз

Октябрь айында жаңы резиденцияда 12 президент катышкан саммит өтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш тарабында салынып жаткан жаңы Ак үйдү ушул жылдын сентябрь айында куруп бүткөрүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жол куруу үчүн алынган техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
"Жаңы өкмөт үйүн сентябрда бүткөрөбүз деген планыбыз бар. Октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп, 12 президент келет. Аларды жаңы өкмөт үйүнөн тосууну пландаганбыз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп, ордуна президенттик администрациянын имараты салынары айтылган. Анын курулушуна былтыр апрелде президент капсула салган. Имараттын жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзөт. Ак үйдүн жанына административдик комплекс дагы салынып, ага бүт министрликтер жайгаштырылары айтылган.
Бир тыйын кетпейт! Садыр Жапаров жаңы "Ак үйдүн" курулушу боюнча үн катты