Салык чек лотереясынан уткан 51 адамдын байгеси жокко чыгарылды. Тизме

Лотереянын биринчи этабында 1 183 баалуу байге ойнотулган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Салык чек лотереясынан уткан 51 адамдын байгеси жокко чыгарылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Комиссия текшерип, лотереянын талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан ушундай чечим кабыл алганы айтылды. Жыйынтыгында бир электромобиль, чет өлкөгө бир жолдомо, 21 iPhone14, 19 смартфон, сегиз ноутбук жана Dyson маркасындагы бир фендин утуштары жараксыз деп табылган.
"Жокко чыгарылган байгелердин жеңүүчүлөрү өздөрү иштеп жаткан/иштеген уюмдардын ККМ чектерин сканерлешкен. Керектөөчүлөргө кассалык чектерди берүүнүн ордуна, аларды лотереяга катышуу үчүн сканерден өздөрү өткөрүшкөн. Ошондуктан лотереянын 51 катышуучусу утуштарын албайт. Ал байгелер 25-декабрдан 30-декабрга чейин боло турган экинчи турдагы байге фондуна өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы байгеден кол жуугандардын тизмесин сайтына жарыялады.
Эскерте кетсек, "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын утушунун биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өтүп, 1 183 баалуу байге ойнотулган. Анын ичинде 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик үч жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.
Утуштун экинчи этабы жыл соңунда болот, анда 1 244 байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө эс алууга төрт жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Dyson маркасындагы 21 фен коюлат.
Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.
Салык кызматы: лотерея жеңүүчүлөрүнөн алдап акча алган шылуундар көбөйдү