"Орто кесиптик билим берүү боюнча 150дөн ашык окуу жай бар. Аларга кабыл алуу сайты аркылуу онлайн жүргүзүлүүдө. Эң башкысы — кесипти, окуу жайды тандоодо ой калчап иш кылышы керек. Быйыл педагогикалык адистерди даярдоого басым жасалууда. Жылда окуу жайларга бюджети, окутуу акысы бекитилип берилчү. Быйыл министрлик бюджетин гана бекитип, контрактынын көлөмүн окуу жайлар өздөрү аныктайт. Мындан тышкары, жооптуу катчыны, жобону дагы мыйзамдын алкагында өздөрү белгилей алат. Бала окууга өткөндөн кийин тастыктоого үч күн убакыт берет. Андан соң келишим боюнча каражатты төлөгөнгө дагы убакыт берилет. Айрым учурда келишим түзүлгөн соң окуудан баш тарткандар кездешет. Кайсы жерден баш тарта турган болсо, сөзсүз арызын жазып коюшу керек. Кээ бирлер окууга кирип, бирок келбей коёт. Бул юридикалык маселелерди жаратышы ыктымал. Ошондой эле "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталууда. Ага ылайык, орто кесиптик билим берүү окуу жайлары өз өндүрүштөрүн сатууга мүмкүндүк берет. Натыйжада окуу жай өзүнүн каржылык багытын жакшырта алат. Учурда сегиз окуу жайдын материалдык базасы толук түрдө жаңы түзүлдү", — деди Абылкасымов.