Радио

Жунушалиева: мугалимдерди окуткан педагогдордун квалификациясын жогорулатыш керек

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Калиман Жунушалиева мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен билим сапатын жакшыртууга болорун айтты.
Sputnik
Мугалимдердин квалификациясын жогорулаткан педагогдордун билимин көтөрүш керек. Бул тууралуу Калиман Жунушалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулаткан институт реформага муктаж болуп турат.
"Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен гана билим сапатын жакшыртууга болот. Бирок алгач алардын билимин арттырган, сабак берген адистерди даярдоо керек. Болбосо кылган иштин натыйжасы төмөн бойдон кете берет. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жаңы чакырыктарды кабыл алып, өзгөртүүлөрдү жасашы керек. Жаңы инновациялык технологияларды колдонуу менен бирге заманбап методологияны алып чыгабыз", — деди Жунушалиева.
Ошондой эле адис квалификацияны жогорулатуу программаларынын мазмунун жакшыртып, кайрадан иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.