БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин медицина кызматынын адистери милиционерлерге алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөтүштү.
Милиция кызматкерлери кырсык болгон жерге биринчи баргандыктан жабырлануучуларга алгачкы жардамды көрсөтө билиши керектиги белгиленди.
"Айтылгандар дароо практика жүзүндө көрсөтүлдү. Мисалы, жабыркаган адамдын кан тамырын туура сезип, дем алуусун текшерип, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө массажды кантип жасоо керектигин үйрөнүштү. Ошондой эле кан агып же сөөк сынганда көрүлчү ыкчам аракеттерди көрүштү", — деп айтылат билдирмеде.
Милиционерлер медиктерден суроолоруна дагы жооп алышкан.