Блогер Улукбек Карыбек уулу бир шарт менен бошотулду

Ошол эле учурда судья анын 48 саатка кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Блогер Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил катын жазып берип бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Анын баш коргоо чарасы бүгүн Ош шаардык сотунда тандалган. Ошол эле учурда судья анын 48 саатка кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Блогер 14-июлда Ош облустук төрөт үйүнүн дарыгерлеринин арызынын негизинде кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, Карыбек уулу төрөт үйүнүн эшигин сындырып, реанимация бөлүмүнө кирген. Дарыгердин колун бурап, башка медикти түртүп жиберген, ал барып дубалды сүзгөнү айтылган. Келтирилген чыгым 36 миң сомду түздү дешкен.
Ал эми блогер мындай дооматтарды четке кагууда.
Блогер Эртай Искаков кармалды