Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украина чачырама ок-дары колдонсо, Россия дал өзүндөй жооп кайтарат

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россияда чачырама ок-дарыларды колдонуу зарылчылыгы эч качан жаралган эмес, бирок аны бизге каршы колдоно турган болсо бийлик өзүнө жараша жооп кайтарат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Павел Зарубинге берген маегинде билдирди.

“Биз ушуга чейин андай кылган эмеспиз, ага зарылчылык да жаралган эмес. Жадагалса белгилүү бир убакта ок-дарылар тартыш болуп калганда дагы колдонгон жокпуз. Бирок, албетте, эгер аларды бизге каршы колдоно турган болсо, дал ошондой жооп кайтарууга милдеттүү болобуз”, — деди Путин.

Ошондой эле ал АКШ ок-дарылар жетишпей жатканына байланыштуу чачырама снаряддарды ташып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, 13-июлда Операциялар боюнча бириккен штабдын директору Дуглас Симс Украинага чачырап жарыла турган ок-дарылар АКШдан эле эмес, башка өлкөлөрдөн да келип түшкөнүн айткан.
Американын президенти Жо Байден 7-июлда киевдик режимге чачырама снаряддарды ташуу башталганын билдирген. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мындай чечим жай тургундарга сокку уруп, кризисти создуктуруу максатын көздөй турганын белгилеген.
Эске салсак, чачырама снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Ал өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Россия жана Украина өзү да бар. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, украиналык аскерлер аны Донецкиде үч ирет колдонгон.
Бул ок-дарылар өзү жок болуп кетпейт. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын бештен 14 пайызга чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн. Буга алардын кампада бир топ убакыттан бери жатканы себеп болот. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин жөнөкөй жүргөн эл үчүн кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты