Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Каршылашка ийгилик жылмайбайт. Путин Украинанын контрчабуулу тууралуу айтты

РФ президенти каршылаштардын россиялык коргонууну жарып кирүү боюнча бардык аракети ордунан чыкпай келе жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин журналист Павел Зарубинге берген маегинде Россиянын Украинадагы атайын операциясынын жүрүшүнө өзүнүн баасын берген.
"Биздин аскердик күчтөр баатырларча салгылашууда. Бир катар жерлерде, чабуулдарда каршылаштар үчүн капыстан кирип барып, өтө маанилүү делген позицияларды алып коюп жатышат", — деп белгилеген Путин.
РФ лидери каршылаштардын россиялык коргонууну жарып кирүү боюнча стратегиялык резервдерди колдонгон бардык аракети ордунан чыкпай келе жатканын айтты.
"Каршылаштарга ийгилик жылмайбайт", — деген Путин.
Зарубиндин Россиянын мындан аркы кадамдары туурасындагы соболуна камерасыз, өзүнчө жооп берерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина чачырама ок-дары колдонсо, Россия дал өзүндөй жооп кайтарат