Жакшылыкка алып келбейт. Маск АКШнын Украинага снаряддарды бергени боюнча айтты

Ишкер АКШ чачырап жарылган бомбаларды колдонгондорду ар дайым айыптап келгенин, бирок азыр алар өздөрү согушка колдонуу үчүн жөнөтүп жатканын белгилеп, муну эки жүздүүлүк деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск АКШнын Украинага чачырап жарылган куралдардын беришинин кесепетин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бул жакшылыкка алып келбейт", — деп жазган ал Twitter тармагындагы баракчасына Киевге аталган куралдын жиберилишине комментарий берип жатып.

Маск Штаттар “бул жаман нерсени колдонгондорду дайыма айыптап келгенин”, эми АКШ аларды согушта пайдалануу үчүн өздөрү жөнөтүп жатканын белгилеген.
“Тагдыр тамашалаганды жакшы көрөт, бирок эки жүздүүлүктү жактырбайт”, — деп жазган ал.
Өткөн аптада Вашингтон Украинага чачырап жарылган ок-дарыларды бере турганын жарыялаган. Мындай типтеги снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Ал өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Россия жана Украина өзү да бар. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, украиналык аскерлер аны Донецкиде үч ирет колдонгон.
Чачырап жарыла турган бул ок-дарылар өзү жок болуп кетпейт. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын бештен 14 пайызга чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн. Буга алардын кампада бир топ убакыттан бери жатканы себеп болот. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин жөнөкөй жүргөн эл үчүн кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты