Быйыл 5 айда Кыргызстандан чет жакка 224 млн. доллар которулду

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52 миллион долларга аз.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан майга чейин Кыргызстанда чет өлкөлөргө 224 миллион 390 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн акчалары тууралуу болуп жатат. Каражатты ар кандай валютада которот, бирок алар доллар эквивалентинде көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда өлкөгө келип түшкөн каражаттын суммасы бир нече эсеге көп. Тагыраагы, январь-майда дээрлик 800 миллион доллар которулган.
Эске салсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде сыртка жөнөтүлгөн акча 276 миллион долларды түзгөн. Ал эми бир жылдык көрсөткүч рекорд жараткан. Бир эле сентябрь айында 170 миллион доллар чет жакка которулган.
Россиядан Кыргызстанга акча которуу азайды. Соңку статистика