Шахтёрлордун шаары атыккан Таш-Көмүр. Архивдик сейрек сүрөттөр

Быйыл Таш-Көмүр шаарынын 80 жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган калаанын сүрөттөгү кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаары азыр жайгашкан жерде XX кылымдын башында эле эл отурукташып, көмүр кендерин иштеткен. 30-жылдары көмүр казылып, темир жол салынып, 1943-жылы шаар макамы берилген. Кийин калаанын айланасында бир катар кендер иштетилип, чөлкөмдө гидроэлектростанциялар курулгандыктан Таш-Көмүр шахтёрлор менен энергетиктердин шаары делген.
1 / 17

Азыр шаар жайгашкан жер Октябрь революциясына чейин эле изилденип, экономикалык мүмкүнчүлүгү аныкталган

2 / 17

Таш-Көмүр шаары Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан

3 / 17

Союз маалында жергиликтүүлөрдүн турак жай маселесин чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөр салынган

4 / 17

Таш-Көмүрдөгү тамеки заводдо өрт өчүрүүчүлөр машыгуу өткөрүүдө. 1982-жыл

5 / 17

Калаанын жанында чатырларын орноткон археологдордун экспедициялык лагери. 1969-жыл

6 / 17

Таш-көмүрлүктөр Нарын дарыясынын боюна курулган гидроэлектростанциялардын курулушуна да катышкан

7 / 17

XX кылымдын башында көмүрдүн айынан басмачылар менен бийлик ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп турган. Сүрөттө жергиликтүү шахтёрлор

8 / 17

Таш-Көмүр гидроэлектростанция платинасынын курулушу. Жалал-Абад облусу, 1986-жыл

9 / 17

Калаадагы атактуу "Капитальный" көпүрөсү

10 / 17

Өлкө эгемендүүлүк алганга чейин таш-көмүрлүктөр жыл сайын бир миллион тоннага чейин көмүр казышкан

11 / 17

Таш-Көмүрдө 1980-жылдары түстүү баалуу металлдарды чыгарган завод жарым-жартылай ишке кирген. Андай ишкана башка союздук республикаларда жокко эсе болгон

12 / 17

Таш-Көмүрдүн тоо кыркалары кеминде 30-50 миллион тонна көмүрдүн кору бар экендигин окумуштуулар белгилейт

13 / 17

Шаардан анча алыс эмес жерде Таш-Көмүр ГЭСи да иштейт. Анын Плотинанын бийиктиги — 75 метр, жогорку бъефтин чеги — 628 метр. Ал 1986-жылы ишке кирген.

14 / 17

Көп улуттуу Таш-Көмүр шаарында кыргыз, казак, өзбек, тажик, орус, татар, украиндер жашайт

15 / 17

Таш-Көмүр шаардык маданият үйү

16 / 17

Кезинде археологдор шаардын жанынан динозаврлардын сөөгүнүн калдыктарын тапкан

17 / 17

Нарын дарыясынын боюнда курулган ГЭСтерден чыккан электр энергиясы аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон

Тема боюнча:
Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр
Кербен жолдун боюндагы шаар. Караколдун архивдик сүрөттөрү
Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр