Кийинки аптада кореялык дарыгерлер Бишкекке келип консультация берет

Консультация алууну каалагандар саат 8:00дөн 17:00гө чейин Улуттук госпиталдын көчмө клиникасына кайрылса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. 17-18-июль күндөрү Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер тобу кыргызстандыктарды кабыл алып, кеп-кеңештерин берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мындай акция КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кореянын элчилигинин колдоосу менен ишке ашууда.
"СеулАсан" госпиталынын дарыгерлери төмөндөгү багыттар боюнча карашат:
Офтальмология;
Оториноларингология;
Гастроэнтерология;
Терапия;
Кардиология;
Аллергология;
Стоматология;
Жалпы хирургия;
Көкүрөк хирургиясы;
Пластикалык хирургия;
Педиатрия.
Консультация алууну каалагандар саат 8:00дөн 17:00гө чейин Улуттук госпиталдын көчмө клиникасына кайрылса болот. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 (Урология борборунун артында).
Кабыл алуу жана консультация төмөнкү телефондор боюнча жазылуу менен жүргүзүлөт: 0990800483, 0557191919.
Олуттуу мамиле кылбай жатышат. Кыргызстандагы кургак учук боюнча абал