Көөнө Сөз

Манасчы "ала табак" деген көөнө сөздүн төркүнүн түшүндүрдү

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Арык жана семиз малдын этинин аралашмасы "ала табак" деп айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдоно билүү — артыкчылык.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "ала табак" деген сөз кездешет. Бул аш-тойлордо атайын конокторго тартылган, анча семиз эмес малдын эти. Же болбосо семиз малдын эти менен арык малдын этин аралаштырып берүү", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" эпосунда биз пайдаланчу сөздөр көп катылганын кошумчалады.