БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктарга электрондук кол тамганы онлайн режиминде жана четөлкөдөгү элчиликтерден даалууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-августтан баштап бир жыл бою “булуттун” негизиндеги электрондук кол тамганы аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.
Электрондук кол тамганы кантип алса болот?
Мобилдик тиркемеге кирип реалдуу убакыт режиминде Liveness технологиясын колдонуу менен Face ID кызматы аркылуу идентификациялоо процедурасынан өтүңүз. Liveness – жүз таанууну колдонуу менен колдонуучуларды ишенимдүү биометрикалык идентификациялоо үчүн алдамчылыкка каршы технология.
Ийгиликтүү идентификацияланган учурда арыз ээси байланыш телефон номерин жана электрондук дарегин киргизет, анда келечекте "булуттук" технологияларды колдонуу менен түзүлгөн электрондук кол тамганын ачкычтары менен иштөө үчүн ПИН-код жөнөтүлөт;
Бул жол-жоболор аяктагандан кийин автоматтык режимде "булуттук" технологиялардын жардамы менен генерацияланган электрондук кол тамганын ачкычтарын түзүү жана берүү жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк элчиликтерде жана консулдук мекемелерде электрондук кол тамга офлайн берилет. Ал процесс 25-июлда башталат.
Белгилей кетсек, электрондук кол тамга салык декларациясын тапшырууга, “Түндүк” электрондук порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү (күбөлүк, көчүрмөлөр) аралыктан алууга шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө 424 175 жеке жана юридикалык жактар мындай мүмкүнчүлүктү колдонууда.