Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Украинаны НАТОго эмне үчүн киргизбей койгону айтылды

Альянстын Вильнюста өткөн саммитинде Киев НАТОго чакыруу ала алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШ Украинаны НАТОго кабыл албай коюуда Россиядан абайлап жана жаңжалды создуктуруу менен өзүнүн артыкчылыктарын дагы көбөйтүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости түркиялык Sabah гезитине таянып билдирди.
НАТОнун саммити Вильнюста 11-12-июлда өткөн. Жыйынтыгында Киев альянска чакыруу ала алган жок. Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Украина Россия менен каршылашуудан жеңип чыкпаса мүчөлүккө кабыл алуу маселеси актуалдуулугун жоготорун билдирген.
"АКШ артиллериялык снаряддары жана ок-дарыларынын корун түгөткөндөн кийин айрым союздаштарынын каршылыгына карабай Украинага "аскердик кылмыш" катары каралган кассеталык бомба жөнөтүүнү чечти. Муну менен ал кризисти ырбатууну гана көздөп жатат", — деп жазган макаланын автору.
Ал эми Түркия өзүнүн кызыкчылыгы жана стратегиялык пайдасы үчүн эки тарап менен тең мамилесин арттырып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бир катар европалыктар Киевди колдогондорго каршы. Изилдөө