БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. УКМК Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү.
Тактап айтканда, Узун Улан каймана аты бар Улан Барчакеевдин аталаш бир тууганы, Көлбаевдин коопсуздук кызматынын башчысы С.А.С., ошондой эле уюштуруучусу Т.К.Б. кармалган.
"Алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан. Андан мамлекетке 151 миллион сом зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле кармалгандар жалган фирмаларды салык органдарына каттатып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө Ак-Тилек жана Чалдавар бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп келишкен.
Колго түшүрүлгөндөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.