Эки ай суусуз койдуңар! Селекция айылынын тургундары митингге чыгышты

Күн ысый баштагандан бери Бишкектин жогорку бөлүгү жана анын тегерегиндеги конуштарда суу тартыш болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Суу тартыштыгынан кыйналган Селекция айылынын тургундары кечээ кечинде митингге чыгып, Түштүк магистралды жаап алышты. Бул тууралуу күбөлөр кабарлап, жеринде тартылган видеолорду жөнөткөн.
"Эки айдан бери суу жок отурабыз. Акылбек Жапаров келгенде айыл өкмөт башчысы бир аптадан кийин беребиз деген, бирок андай болгон жок. Эки ай суу бербей койгон кантип болсун?" — деген жашоочулар.
Эл чогулган жерге келген "Бишкек суу каналынын" башчысы Таалайбек Орозов мындан ары Арча-Бешик менен Селекция айылына суу алмак-салмак күн алыс берилип турарын убадалады.
Эске салсак, күн ысый баштагандан бери Бишкектин жогорку бөлүгү жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда суу тартыштыгы пайда болду. Мындан улам эл нааразы болуп, буга чейин дагы бир нече ирет акцияларды уюштурган эле.
Эмне үчүн Бишкекте суу тартыш жана аны чечүү жолу барбы? Адистин жообу