РФ күч түзүмдөрү Симоньян менен Собчакты өлтүрүү аракетине бөгөт койду

Кылмышкерлерге карата экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыш иштерин козгоо пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ), Ички иштер министрлиги жана Тергөө комитети биргеликте "Россия сегодня" жана RT медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньян менен алып баруучу Ксения Собчакты өлтүрүү аракетине бөгөт койду. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда муну Украинанын атайын кызматы жасаган.
Бир күн мурун Москвада жана Рязань облусунда Симоньян менен Собчактын "ишинде жана жашаган даректеринде" чалгындоо жүргүзгөн "Параграф-88" неонацисттик тобунун мүчөлөрү кармалган. Алар ар бир өлтүрүлгөн адам үчүн 1,5 миллион рубль аларын айтышкан.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө Калашников автоматы, ага 90 патрон, бычактар, кишендер жана фашисттик символдор түшүрүлгөн желектер, нацисттик адабияттар табылган. Ошондой эле байланыш каражаттары жана компьютерлери бар экени белгилүү болду", — деп билдирди ФСБ.
Кылмышкерлерге карата экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыш иштерин козгоо пландалууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чалгын кызматы башкы бута Путин экенин айтты