Милиция Бостеридеги "шайтан дөңгөлөккө" илинип калган кишини кантип чыгарганын айтты

Кечээ ӨКМ аттракционго илинип калган парашютисттердин бири 14 жашта деген. Милиция экинчиси 31 жаштагы тургун экенин кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы Бостеридеги "шайтан дөңгөлөккө" илинген кишини кантип чыгарганын айтып берди.
Кечээ кечинде ӨКМ ал жакка эки адам илинип калганын, алардын бири 14 жаштагы өспүрүм бала экенин билдирген. Жерине төрт куткаруучу тартылып, жергиликтүүлөр да жардамга келген. Кырсыктагандардын ден соолугуна олуттуу зыян келген эмес.
Ал эми милиция бул окуяга кабылган экинчи киши тууралуу маалымат берди. Ал Караколдун 31 жаштагы тургуну болуп чыккан.
"Жеринде кызмат өтөп жаткан ИИМдин атайын отрядынын жоокерлери аттракциондун ишин тезинен токтотуп, жергиликтүү тургундардын жардамы менен илинип калган кишини түшүрүп беришкен", — деп жазылган маалыматта.
Дарыгерлер эс алуучуга кароо жүргүзгөн, ага медициналык жардам керектелген эмес. Аталган факты Ысык-Көл облустук милициясынын электрондук журналына катталган.
Мындай фактыларды алдын алуу үчүн ИИМ башчысы Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга эс алуучуларга көңүл ачуу кызматтарын көрсөткөн субъектилерде коопсуздук кандай сакталып жатканын кайрадан текшерүүнү тапшырды.
Бишкектеги аттракциондо эс алуучулардын башы ылдый карап, асылып калышты. Видео