Кеннеди: Байдендин чечими — Россия менен согушууга даярдык

Байден АКШнын Европадагы күчтөрүн кеңейтүү үчүн резервдеги үч миң кишини чакырганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Американын лидери Жо Байдендин Европадагы НАТОнун резервдик күчтөрдү мобилизациялоо чечимин Россияга каршы согушка даярдык катары баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Байден АКШнын Европадагы күчтөрүн кеңейтүү үчүн резервдеги үч миң кишини чакырды. Алар мобилизациянын түпкү максатын билбесе керек. Бул — Россия менен согушка даярдык", — деген Кеннеди Twitter баракчасында.
Буга чейин Байдендин чечимин мурдагы президент Дональд Трамп дагы сынга алып, АКШ үчүнчү дүйнөлүк согушка түрткү бергендей болуп жатканын айткан.
Эскерте кетсек, Байден Америкадагы күчтөрдүн бир бөлүгүн Европада "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операциясын колдоо үчүн колдонууга уруксат берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинага F-16 учактарын берүү планынын кесепетин Лавров айтып берди