Дем алыш күндөрү Чолпон-Ата менен Кордайга кетчү жолго көзөмөл күчөтүлөт

Эс алуу жайларына жакын жерде рейд жүрөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Бишкек — Кордай жана Бишкек — Чолпон-Ата трассасында жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөрүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта жолго кошумча посттор коюлуп, катуу айдаган, ичип алган, каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара катаалдашары айтылат.
Мындан тышкары, тоодо эс алууну каалагандар көп экендигине байланыштуу эс алуу жайларына жакын жерде рейд жүрөрү кошумчаланды.
"Автоураган" аппараты 6 саатта жол эрежесин бузган 42 автоунааны аныктады