Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалып, ага кылмыш иши козголду

Ош облустук төрөтканасында жаткан 20 аял милицияга кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Белгилүү блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош облустук төрөтканада жаткан 20 аял милицияга кайрылган. Блогер санитардык нормаларды сактабастан төрөт үйүнө кирип, уруксатсыз видеого тартып, бейтаптардын тынчын алган. Мындан улам "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.
"Блогер төрөт үйүнүн эшигин сындырып, реанимацияга кирген. Дарыгердин колун бурап, башка медикти түртүп жиберген, ал барып дубалды сүзгөн. Келтирилген чыгым 36 миң сом болду”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 10-июль күнү кечинде блогер видео тобу менен Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына (Бишкек) кирген. Ал "ЖМК жөнүндө" мыйзамга таянып, министрдин кабинетинен чыгуусун талап кылганын Биринчи май РИИБи билдирди.
Бишкектин четинде таксистке 14 ирет бычак урган деп өспүрүм бала кармалды