Кыргызстандыктар банктан кандай максатта көбүрөөк кредит алышат

Май айынын аягында банктардын кредиттик портфели 222 миллиард сомдон ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Улуттук банк кыргызстандыктар коммерциялык банктардан кандай максатта кредит алары тууралуу статистиканы жарыялады.
Май айынын аягында банктардын кредиттик портфели 222 миллиард сомдон ашкан.
Тармактар жана максаттар төмөнкүдөй бөлүндү:
соода — 61,8 миллиард сом;
айыл чарбасы — 40,9 миллиард;
керектөөчү кредиттер — 39,6 миллиард;
башка максаттагы кредиттер — 28,4 миллиард;
ипотека — 26 миллиард;
өнөр жай — 13 миллиард;
курулуш — 12,4 миллиард.
Кыргызстандагы банктардын кирешеси 1,7 эсе өстү. Беш айдын маалыматы