Бизде айрым чет мамлекеттердей болуп адамдын саламаттыгын камсыздоодо ар бир органын бөлүп кароо программалары азырынча жок. Бирок адам жалпысынан өзүн камсыздандырып коё алат. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө адамды камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу же башка жеке менчик камсыздандыруучу компаниялардан деле кыргызстандыктар өз саламаттыгын камсыздандыруудан өткөрө алат. Өлкөдө азырынча ар бир органды бөлүп кароо программалары киргизиле элек. Өзүн камсыздандыруу маданияты жайыла элек десек да болот. Ошого карабай алгачкы кадамдар жаман эмес. Адамды камсыздоо бизде ыктыярдуу түрдө жүргүзүлгөндүктөн тарифти да кардар өзү тандайт, ага ылайыкташкан шарттар полиске киргизилет. Кардардын өнөкөт оорулары болсо алар медициналык маалым каттын негизинде гана каралат. Бизде көбүнесе табигый кырсыктардан, тоо-таштан кулап кеткен учурда майыптык алып калса камсыздандыруу каражаты төлөнүп бере турган шарттарды тандашат", — деди Чекиров.
Ал камсыздандырылган адам кырсыктан улам өмүрү менен кош айтышса жана бул пункт полисте каралган болсо каражат төлөнүп берилерин кошумчалады.