16-июлга карата аба ырайы

16-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. 16-июль, жекшембиде, тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык райондордо күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +28...+33, Нарын жергесинде +29...+34 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +34...+36, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Августта Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Бир айга божомол