Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: чет элдик танкалар советтик танкаларга караганда жакшы күйөт

Россия лидери украиналык аскерлер чет элдик танкаларды колдонуудан баш тарткан учурлар көп экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин "Россия 24" каналынын эфиринде сүйлөп жатып, советтик танкаларга караганда чет элдиктердики жакшы күйөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Алар башкалар сыяктуу күйөт. Ал тургай калгандарынан да, советтик өндүрүштөн чыккан, белгилүү Т-72ден да жакшы күйөт", — деген ал.
Путин 4-12-июнь ичинде "311 танк жок кылынганын", басымдуу бөлүгү батыш өндүрүшүнөн чыкканын айтып, ал тизмеге Leopard танкаларын да кошту.
Россия лидери украиналык аскерлер чет элдик танкаларды колдонуудан баш тарткан учурлар көп экендигин белгиледи.
"Себеби алар биздин балдардын мелжеген бутасында турат. Согуш талаасында биринчи жок кылышат. Бул алардын колдонулушуна (чет элдик техникаларды – ред.) тоскоолдук жараткан жагымсыз кырдаал", — деди Россия лидери.
Президент, мындан сырткары, Киевге берилген танкалар менен ракеталарга да токтолду.
"Ал эми берилип келген ар кыл куралдар боюнча айтсак, алыскы радиуска жетчүлөрүн алып келүүдө канча үмүттөр артылганын көрүп жатабыз. Эмне болуптур! Ооба, зыян келтирип жатат, бирок бүк түшүрө турган эч нерсе болбойт. Чет элдик өндүрүштөн чыккан танкалар, аскердик техникалар жаатында деле ушундай", — деген Путин.
Россия лидери Киевге жаңы куралдарды алып келүү Украинадагы абалды ого бетер курчутуп, согуш отун тутантарын белгиледи.
"Согуш талаасына жаңы куралдарды киргизүү Украина тараптагы абалды ого бетер татаалдантат. Чатакты ого бетер курчутат. Эгерде буга кимдир бирөө кызыкдар болсо, андайлар деги бар... Бул чатакты ырбатуунун, жаңы куралдарды ташып келүүнү ишке ашыруунун эң мыкты ыкмасы", — деп кошумчалаган Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: жаңжал бүтүш үчүн Батыш Украинага курал-жарак бергенин токтотушу керек